04.04.2018 15:19

Бишкекте Апрель революциясынын 8 жылдыгын эскерүүгө  арналган иш-чара өттү

Бишкекте Апрель революциясынын 8 жылдыгын эскерүүгө  арналган иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 4-апрелде, Апрель революциясынын 8 жылдыгын эскерүүгө арналган иш-чарага катышты. Иш-чара көркөм фильм, театралдык көргөзүү жана 2010-жылдагы апрель окуяларында шейит кеткендерди  мүнөттүк эскерүү  менен башталды.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы Апрель революциясынын заманбап тарыхындагы ордун айтып жатып, акыркы жылдары ошол окуялардан кийин Кыргызстанда бир катар жагымдуу өзгөрүүлөр болгондугун белгилеп кетти. «Биз жетишилген жыйынтыктар менен токтоп калбайбыз жана өлкөбүздүн мындан ары өнүгүшүнө бардык аракеттерди жумшайбыз. 2010-жылдагы апрель окуялардын сабагын эч качан унутпашыбыз керек», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Мухамметкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондор, жабыр тарткандар жана катышкандардын туугандарынын жана жакындарынын коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышышты.